super.kg logo

Эрдоган ХАМАСты террордук уюм деп эсептебей турганын айтты

 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ХАМАСты террордук уюм деп эсептебей турганын билдирди. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.

Маалыматка караганда, Эрдоган Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакисти Анкарада президенттик комплексте кабыл алган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн жана делегациялардын жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйыны болгон.

Анда Эрдоган жолугушуудан канааттангандыгын билдирип, жолугушуулар өз ара байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө жана өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү 10 миллиард долларга жеткирүүгө багытталганын баса белгиледи.

Кириакос Мицотакис жана Режеп Тайып Эрдоган

Ал ошондой эле Израил менен Палестинанын ортосундагы жаңжалдын дипломатиялык жол менен чечилишине үмүт артып, Түркия Палестина мамлекетин таанууга активдүү көмөктөшөрүн баса белгиледи.

Түрк лидери ХАМАС боюнча да пикирин билдирди. Анын айтымында, ХАМАС 1947-жылы башталган оккупациядан кийин өз жерлерин коргогон каршылык көрсөтүү кыймылы.

"Мен ХАМАСты террордук уюм деп эсептебейм. Мен ХАМАСты каршылык көрсөтүү кыймылы, өз жерин жана элин коргоо үчүн күрөшүп жаткан эл катары көрөм", - деп баса белгиледи Түркиянын башчысы.

Мицотакис өз кезегинде бул анын Түркияга акыркы 10 айдагы төртүнчү сапары экенин белгиледи. Ал Түркия менен Грециянын ортосундагы өз ара түшүнүшүү күчөп, өлкөлөр ортосундагы карым-катнаштар ырааттуу түрдө оң багытта өнүгүп жатканын билдирди. Ошондой эле ал Израилге карата позициясын да билдирди.

"Израилдин оккупациясы кабыл алынгыс. Газадагы карапайым калк корголушу керек", - деди Грециянын премьер-министри.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: