super.kg logo

Бишкекте ок атышууга шектелип тогуз адам милицияга жеткирилди

 

Милиция кызматкерлери ок атуу менен мушташка катышкан тогуз жигитти аныктап, тергөө кызматына алып келишкен. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 14-майда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-майда болжол менен саат 18:26 чамасында 102 кызматына Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде мушташ болгону тууралуу билдирүү түшкөн. Анда телефон чалган адам окуя болгон жерде октун үндөрү угулганын айткан.

"Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышкан. Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан 2000-жылы туулган Р.К., 1999-жылы туулган К.Б., 2001-жылы туулган Б.Э., 1997-жылы туулган Ш.Э., 1999-жылы туулган Т.А., 2001-жылы туулган Н.А., 2007-жылы туулган П.Б., 1989-жылы туулган Ж.Т. жана 1999-жылы туулган Ж.Ж. аттуу жарандар аныкталып, тергөө кызматына алынып келинди",-деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча иш козголду.

Ал эми ок атылган травматикалык тапанча экспертизага жөнөтүлүп, тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: