Өкмөт Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесине 100 миллион сом бөлөт











Бүгүн, 14-майда Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин капиталдык оңдоодон кийинки имаратынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, Жогорку Кеңештин депутаттары, "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү катышты.
Мекеме 80 жылдан бери майыптыгы бар жарандарга протездик-ортопедиялык буюмдарды үзгүлтүксүз жасап келет. Мында 13 миңден ашуун жаранга кызмат көрсөтүлөт, алардын ичинен 5900гө жакыны балдар.
Гүлнара Баатырова өз сөзүндө мекемени оңдоо иштеринин биринчи этабы бүтүп, экинчи этабына өкмөт тарабынан 100 миллион сом бөлүнө тургандыгын билдирди.
“Оңдоодон кийин мекемеде колдун заманбап протездерин жасоочу цех, кресло-коляскаларды куроочу цех, кадрларды даярдоочу окуу борбору ачылды. Эң негизгиси балдардын укуктарын коргоонун алкагында балдардын өзүнчө бөлүмдөрү ачылгандыгы баарын кубандырат. Өкмөт башчысы Акылбек Жапаров менен сүйлөшүү болуп, кечээ мекемени заманбап цехтердин жабдыктары менен камсыздоого акча каражатын бөлүү каралды. Бул мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга кам көрүүгө чоң өбөлгө түзөт", - деп билдирди министр.
Имарат 1988-жылы курулган жана андан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Курулуш иштеринин биринчи этабына Кувейттин "Шейх Абдулла Нурий" кайрымдуулук уюму демөөрчүлүк кылган.
Иш-чаранын жүрүшүндө кайрымдуулук фондуна ыраазычылык каттар тапшырылды.
