super.kg logo

Москвада кармалган журналист экстремисттердин тизмесине киргизилди

 

Дүйшөмбү күнү Орусиянын Финансылык мониторинг боюнча федералдык кызматы терроризмди актаган деп айыпталып жаткан журналист Надежда Кеворкованы террористтердин жана экстремисттердин тизмесине киргизди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.

Кеворкова 6-майда Москвада кармалган. Журналистке Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205.2-беренесинин 2-бөлүгү (Террористтик аракеттерге ачык чакыруу, терроризмди ачык актоо же ага үгүттөө) менен иш козголгон.

Кылмыш ишин козгоонун себептери айтылган эмес. 65 жаштагы Кеворкова коюлган айыптарды четке каккан. Эми ал беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин Москванын Басманный соту ага карата 6-июлга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо өтүнүчүн канааттандырган.

Кеворкова 20 жылдан ашык убакыттан бери палестин-израилдик жаңжалды чагылдырып келет. "Кеворкова" Телеграм каналынын автору, ал жерде акыркы айларда Газада болуп жаткан окуялар боюнча өз оюн айтып, Израилди сындап келет. Ал Палестина жана Газа тууралуу "Палестина: каршылык" жана "Эгер мен сени унутсам, Иерусалим" аттуу эки китептин автору.

Журналист "Независимая газета", "Россия сегодня", "Новая газета" жана башка басылмалар менен кызматташып, 2010-жылы International Women of Courage сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Кеворкованын уулу - журналист жана ОВД-Инфонун "Что сейчас" программасынын алып баруучусу Василий Полонский. Буга чейин Полонский "Дождь" телеканалынын кабарчысы болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: