Польша Украинаны коррупцияга айыптап, дан экспорту боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотту
Польша Украинаны коррупцияга айыптап, дан экспорту боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотту. Польшанын айыл чарба министринин орун басары Михал Колодзейчак 14-майга пландалган сүйлөшүүлөрдүн айлампасы жокко чыгарылганын билдирди.
"Киев менен сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурады, анткени биз коррупцияга айыпталган адамдар менен сүйлөшүүгө барбай турганыбыз айдан ачык. Биз сүйлөшүүлөрдүн дагы бир айлампасын 14-майга пландаштырганбыз, бирок алар жокко чыгарылды", - деди ал.
Колодзейчак коррупция боюнча айыптоолорду айтып жатып, кимди айткысы келгенин ачыктаган жок.
Буга чейин Украинанын айыл чарба саясаты министри Николай Солский 291 миллион гривенге бааланган мамлекеттик жерди өзүнө ыйгарып алган деген шек менен Жогорку рада тарабынан кызматтан алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.