super.kg logo

Бишкектеги Маевка айылында 11 гектар жер жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен. Прокуратура билдирүү жасады

 
Жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен 11,2 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан жер мамилелерин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүдө өкмөт тарабынан акысыз бир жолу аныкталган өлчөмдө жер тилкелери берилери жана Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын 1996-жылдагы, 2001-жылдагы токтомдору менен жер үлүшүн алган жарандардын тизмеси бекитилгендигине карабастан, Маевка айыл аймагындагы 11,2 гектар айыл чарба багытындагы сугат айдоо жери экинчи ирет Б.Т., А.К. жана Ш.К. аттуу жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде 51 миллион 615 миң 400 сомду түзгөн 11,2 гектар жер тилкеси Маевка айыл өкмөтүнүн менчигине кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: