super.kg logo

Кыргызстан менен Азербайжандын борбордук банктары кызматташат

 

Баку шаарында Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев менен Азербайжандын Борбордук банкынын төрагасы Талех Кязымовдун эки тараптуу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Улуттук банктан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Азербайжандын борбордук банктарынын, финансы институттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу, банк жана финансы чөйрөсүндө өз ара иш алып баруу жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Ага ылайык, жыйынтыгында эки өлкөнүн борбордук банктарынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Анда эки өлкөнүн борбордук банктарынын негизги иш багыттары боюнча өз ара тыгыз иш алып баруусу каралган.

"Улуттук банктын төрагасы бул меморандум борбордук банктардын ортосундагы өз ара кызматташууну андан ары чыңдоо үчүн негиз болуп берерин, банк ишине тиешелүү ар кандай маселелер боюнча адистердин тажрыйба жана билим алмашуусу үчүн мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты. Ошондой эле ал Кыргызстан менен Азербайжандын банк жана финансы системаларынын өнүгүүсүнө алгылыктуу таасирин тийгизе тургандыгын белгиледи", - деп айтты маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: