super.kg logo
  Саясат  

Элчи Аскар Бешимов Непалдын президентине ишеним грамотасын тапшырды

 

Кыргызстандын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аскар Бешимов Непалдын президенти Рамчандра Пауделге ишеним грамотасын тапшырды. Бул туураалуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Билдиргендей, салтанат Катмандудагы президенттик сарайда өткөн. Анда Бешимов Непалдын президентине өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан салам айтып, кыргыз тарап Непал менен достук жана кызматташтык мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгилеген.

Элчи эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын зор потенциалын белгилеп, эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын алкагында да активдүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирген. Мындан тышкары дипломатиялык байланыштарды чыңдоо жана экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн элчи Катманду шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулдугунун ачылышы тууралуу маалымат берген.

Ошондой эле ал Кыргызстандын тоо демилгелеринин алкагында үстүбүздөгү жылдын 10-майында БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана тоо токойлорун жайылтуу боюнча иш-чаралар өткөрүлгөндүгүн маалымдап, аталган иш-чара БУУнун Башкы ассамблеясынын "Туруктуу тоолорду өнүктүрүү" резолюциясы менен президент Садыр Жапаровдун демилгеси аркылуу 2022-жылдын 14-декабрында жарыяланып, Непал дагы уюштуруучу болгонун баса белгилеген.

Өз кезегинде Рамчандра Паудел элчини кызматка киришүүсү менен куттуктап, анын мындан аркы иши эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жигердүү салым кошоруна ишенимин билдирген.

Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин Бешимов Непалдын президенттик сарайынын ардактуу коноктор китебине жазуу калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: