super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз элчиси Бешимов Непалдын ТИМинин орун басары менен жолугушту

 
Өлкөнүн Непалдагы элчиси Аскар Бешимов Непалдын Тышкы иштер министринин орун басары Сева Ламсал менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланган. Анда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу кызматташууну активдештирүү зарылдыгын сүйлөшүшкөн.

Кыргыз тарап Непал менен бир катар тармактарда, анын ичинде туризм, билим берүү, адам ресурстарын алмашуу боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдирген.

Ошондой эле жолугушууда Кыргызстан менен Непалдын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консультацияларды өткөрүү, эки өлкөнүн ТИМинин ортосундагы кызматташтык программасына кол коюу, кыргыз-непал эки аралык катнаштарынын актуалдуу багыттары боюнча келишимдердин долбоорлорун макулдашуу маселелери талкууланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: