super.kg logo
  Саясат  

Төрага Шакиев расмий сапары менен Австрияга жөнөп кетти

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Австрия мамлекетине расмий сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Расмий сапардын алкагында төрага бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүп жатат.
Ошондой эле сапарда Шакиевдин Австрияда, Чехияда жана Словакияда жашаган мекендештер менен жолугушуулары каралган.
"Төраганы депутаттар Эльдар Абакиров, Ырысбек Атажанов, Гуля Кожокулова, Шаирбек Ташиев, Миргүл Темирбаева жана парламенттин аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев коштоп кетти", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: