super.kg logo
  Саясат  

"Коррупционерлерди коргогон жерим жок". Талиева Ататүрк паркындагы үйлөрдү сүрдүрүү туура эмес экенин айтты 

 

Бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Камила Талиева Ататүрк сейил багындагы үйлөрдүн сүрдүрүлүшү боюнча маселени көтөрдү.

Ал парктын аймагындагы үйлөр карапайым адамдардыкы экенин эске салып, бул ишти мэрия кылдат кароо керектигин айтып өттү.

"Акыркы маалымат боюнча, 20-май күнү Ататүрк паркында жайгашып калган 198 үй сүрдүрүлөт деп жатат. Мен коррупционерлерди ныпым коргогон жерим жок. Ошол 198 объектиде биздин жарандар мүмкүн экинчи, үчүнчү же бешинчи колдон сатып алгандыр. Ошол учурдагы мэр, тийиштүү кызматтар, шаардык кеңеш эмне үчүн сот жоопкерчилигине тартылбайт? Жеңил эле ал жерлерди талкалаш керек деген позицияга түшүп албашыбыз керек. Бул маселени этият карайлы, мыйзам деген бар. Бүт баары иликтенсин, мүмкүн, билбей үй алып калган. Балким, аларга салыктын төлөмүн эки эсе көбөйтүп коюш керек, ушул жактарын карасаңыздар. Ким ушуга жол берсе, ошолор жоопкерчиликке тартылсын", - деди эл өкүлү.

Эскерте кетсек, мэрия парктын аймагындагы курулуштарды демонтаждоо жана бузуу иштери 20-майга пландалганын билдирген.






Депутат Камила Талиева "Ата-Түрк" сейил багындагы үйлөрдү сүрдүрүү ишин тыкыр кароо керек экенин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: