super.kg logo
  Саясат  

Былтыр 35 сот тартиптик жазага тартылып, 8 судья кызматтан кетти

 

2023-жылы судьяларга каршы 760 арыз түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 15-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Судьялар кеңешинин төрагасы Кыдык Жунушпаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Анын айтымында, түшкөн арыздардын негизинде 35 судья тартиптик жазага тартылып, 8 судья ар кандай жагдайда кызматтан кеткен. Ошондой эле ал Кыргызстанда сот системасы тазаланып келатканын белгилеп, каралып жаткан “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документ колдоо тапса, дагы да өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунун концепциясы иштерди кароодо мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча судьялардын жоопкерчилигин жогорулатууга, судьялар корпусунун курамынын сапатын жакшыртууга, судьялардын кесиптик квалификацияларын жана чеберчиликтеринин өсүшүнө көмөк көрсөтүүгө, кошумча кесиптик даярдоо зарыл болгон учурду аныктоого жана кызматтан жылдырууга адилеттүү шарттарды түзүүгө багытталган.

Жыйынтыгында депутаттар аталган мыйзам доолборун экинчи окууда кабыл алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: