super.kg logo
  Саясат  

Айыл чарба, туризм, аба каттам.. Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министри менен эмнелерди сүйлөштү?

 

Бүгүн, 15-майда президент Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча билдирүү жасады.

Өлкө башчысы сапардын алкагында Кыргызстан менен Малайзиянын кызматташуусунун тарыхында маанилүү эки тараптуу жолугушуу болуп өткөндүгүн белгиледи.

“Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин жана аны коштогон чоң делегациянын Кыргызстанга келиши, болуп өткөн сүйлөшүүлөрүбүз Кыргыз-Малайзия эки тараптуу кызматташуунун тарыхында жаңы барак ачылышын белгилейт. Атап айтканда, айыл чарба, туризм, энергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, тоо-кен, инфраструктура, маалымат технологиялары, халал индустрия жана экономиканы өнүктүрүү жөнүндө сүйлөшүүлөр болду.

1992-жылы дипломатиялык байланыштар түзүлгөндөн кийин эки өлкөнүн ортосунда бир нече ийгиликтүү иш-аракеттер жүргүзүлүп, жакшы жетишкендиктерге алып келди.

Бирок, тилекке каршы, кызматташуубуздун толук дарамети азыркы мезгилге чейин жакшы ачылбай келген экен. Андыктан кыргыз-малайзиялык достук мамилебизди кошумча практикалык мазмун менен толуктоодо Атайын кыргыз-малайзия биргелешкен комиссиясынын ишин жандандыруу маселеси көтөрүлдү.

Жолугушууда Кыргызстан менен Малайзиянын ортосунда түз авиа каттамдарды ачуу боюнча талкуу орун алды.

Бул долбоордун ишке ашырылышы, эки өлкөбүздүн ортосундагы туризм, соода-экономикалык, транспорттук жана логистикалык өнөктөштүктү жаңы жогору деңгээлге чыгара турганы шексиз”, - деп билдирди Садыр Жапаров.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим "Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу активдештирүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө" кол коюшту.






Президент Садыр Жапаров Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча билдирүү жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: