super.kg logo

Ошто такси менен кетип бара жаткан чет өлкөлүк кыз каза болду

 

Ошто коңшу өлкөнүн жараны каза болду. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына облустук милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-майда милицияга Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы талаада жашы 20-25 курактагы белгисиз аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө такси кызматында иштеген Кара-Суу районунун 1982-жылы туулган тургуну буюртма менен белгисиз кызды алып бара жаткан учурда кыз өзүн жаман сезип, каза болуп калгандыгы, аны унаасынан түшүрүп, жерге жаткырып, милицияга кабар бергени аныкталган.

"Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөндө кандайдыр бир күч колдонуу белгилери байкалган эмес. Каза болгон жаран коңшу өлкөнүн 1996-жылы туулган жараны экендиги аныкталган. Жансыз дене мейитканага жеткирилип, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда текшерүү уланууда", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: