Газону "Уэмбли", "Альянц Аренаныкындай". Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадиону оңдоодон кийин ачылды (видео)
Бүгүн, 15-майда Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадиону реконструкциядан кийин ачылды.
Белгилей кетсек, стадиондо Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу гибриддик газон технологиясы колдонулган. Гибриддик газондордо болжол менен 3 пайыз жасалма жиптер бар. Алардын жардамы менен футбол талаасы табигыйдан бир нече эсе көп жүктөрдү көтөрө алат.
Ушундай газондук каптоо "Уэмбли", "Энфилд", "Альянц Арена" сыяктуу Европанын алдыңкы стадиондорунда орнотулган.
Мындан сырткары футболчулардын коопсуздугу үчүн футбол талаасынын айланасы тосулуп, ал менен катар стадиондун сырткы короосунун тосмолору алмаштырылды.
Стадиондун футбол талаасы жана жарыктандыруусун жаңылоо демөөрчүлөр тарабынан каржыланса, калган курулуштардын баары шаар казынасынан жасалды. Ага дээрлик 70 миллион сомдой акча каражаты жумшалды.
"Курманбек" стадиону оңдоодон кийин ачылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.