super.kg logo
  Саясат  

Казакстанда Айбек Молдогазиев Япониянын өкүлү Масаки Икегами менен жолугушту

 

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү, элчи Масаки Икегами менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Астана шаарында өтүп жаткан "Борбордук Азия + Япония" диалогунун жогорку кызмат адамдарынын 16-жыйынынын алкагында өткөн.

Анда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда эки тараптуу кызматташуунун келечеги боюнча пикир алышып, президент Садыр Жапаровдун Японияга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруу убакыттарын тууралашып, биргелешкен долбоорлорду талкуулашкан.

Ошондой эле тараптар мамлекет башчы Садыр Жапаров жана Япониянын премьер-министр Ф.Кишида менен жолугушуу өткөрүү маселелерин сүйлөшүшкөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык маселелер боюнча дагы пикир алмашуу болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: