super.kg logo
  Саясат  

Депутат борбордогу май куюучу жайларды шаар четине чыгарууну сунуштады (видео)

 

Жогорку Кеңештин бүгүн, 16-майдагы жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев борбордогу май куюучу жайларды шаар четине чыгарууну сунуштады. Депутаттын пикиринде, мындай кадамга баруу менен калаадагы абанын булганышы азаймак.

"Бишкек шаарында бүгүнкү күндө унаалар миллиондоп, абаны булгап жатат деп баарыбыз айтып жатабыз. Шаарда 96 май коюучу жай бар экен. АТР менен (административдик-аймактык реформа) жаңы конуштарды кошкондо 126 май куюучу жай болот экен. Ушул май куюучу жайларды шаардын сыртына чыгарсак. Ошондо аба таза болуп, биздин ден соолугубузга зыян келбейт деген ойдобуз", - деди депутат.

Ошондой эле эл өкүлү бул боюнча токтом же мыйзам кабыл алуу керектигин белгиледи. Аталган маселе боюнча тиешелүү комитеттерге протоколдук тапшырма жөнөтүлдү.






16.05.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: