super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө уран иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү

 

Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган норманы алып салуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү.

Министрлер кабинети сунуштаган документтин маалымкат-негиздемесинде уранды жана торийди казып алууда заманбап технологиялар колдонулуп, ага мамлекет көзөмөл кылары, бул кен казып алуунун айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга жардам берери жазылган.

Эске салсак, бул тууралуу мыйзам долбоорду Экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 27-февралдан тарта коомдук талкууга чыгарган.

Долбоордо 2019-жылы кабыл алынган “Кыргызстанда уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамын жокко чыгаруу сунушталат. Мындан сырткары “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү камтылган.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан. Мамлекет башчысы кен иштей баштаса, миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.

2019-жылдын жазында "Кыргызстандагы ЮрАзия" деп аталган компания бул кенди чалгындоо иштерин баштаган учурда Ысык-Көлдө жана Бишкекте нааразычылык чыккан. Андан соң ошол эле жылдын декабрь айында өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: