super.kg logo

Жалал-Абадда өспүрүмдөр унаа айдап качууга шектелип кармалышты

 
Жалал-Абадда унаа айдап качканга шектелип өспүрүм балдар кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-май күнү саат 15:40 чамасында Тайгараев айылынын 1981-жылы туулган Д.М. аттуу тургуну Жалал-Абад шаарында жайгашкан Оомат автоунаа жуучу жайына өзүнүн Kia Seltos үлгүсүндөгү унаасын таштап, жумуштары менен кеткен.
Натыйжада автоунаа жуучу жайда иштеген Сузак, Базар-Коргон райондорунун 2009-жылы туулган С.М., Н.М. жана Н.К. аттуу тургундары унааны белгисиз тарапка айдап качып кетишкен.
"Аталган факты боюнча жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Мындан улам милиция кызматкерлери шектүүлөрдү унааны айдап бара жаткан жеринен колго түшүрүштү", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: