Ошто волейбол боюнча түштүк региондун биринчилиги аяктады
Ош шаарында волейбол боюнча республиканын түштүк регионунун биринчилиги жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеште чемпиондук жарыш 5 команданын ортосунда жүргөн. Орун алган оюндардын жыйынтыгында “Ош Бажы” (Ош) командасы менен “Жаштык-Сузак” (Жалал-Абад) командалары 15тен упай топтогон. Кошумча упайлардын эсебинен 1-орунду “Ош Бажы” командасына буюрса, 2-орунду “Жаштык-Сузак” командасы ээледи. Мелдештин коло медалы Ош шаарынын “Жаш-Күч” командасына буюрду. “Дархан ОшТУ” жана “Тримэкс ОшМУ” командалары байгелүү орундарга илинишкен жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:31
2025-12-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















