super.kg logo
  Саясат  

"Шыбын алмаштырып жатышкан". Токмоктогу №7 мектепти жаандан улам суу каптаганы айтылды

 

Токмоктогу №7 мектептин шыбын алмаштыруу учурунда жаандан улам ичин суу каптап кеткен. Бул маселени бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Тентишев көтөрүп чыкты.

Эл өкүлү келтирилген зыянды эч ким моюнуна албай жаткандыгын айтып, калыбына келтирүү боюнча маселени караштыруу керек экендигине токтолду.

“13 миллион сомго мектептин шыбын алмаштыруу боюнча тендер өткөрүлүп, оңдоо иштери жүрүп жаткан. Апрелдин орто ченинде нөшөрлүү жаандан улам үчүнчү кабаттан аккан суу биринчи кабатка чейин каптап кеткен. Эми бул мүчүлүштүктү эч ким моюнуна албай жатат. Ким калыбына келтирет? Балдар үч жумадан бери онлайн окуп жатышат. Бул маселе боюнча тийиштүү кызматтарга тапшырма берип, жазуу түрүндө жооп берүүңүздөрдү суранам”, - деди Тентишев.

Ошондой эле жыйында депутат Азамат Исраилов Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Жетим-Тоо айылында жайгашкан Таштан Суранбаев атындагы орто мектеп авариялык абалда экендигин билдирип, окуучулар мектепке барбай жаткандыгына токтолду.

“Былтыр барып көрүп келгенбиз. Мектеп авариялык абалда экендигин ӨКМнын чечими да тастыктайт. Бүгүнкү күндө балдар окубай жатат. Алар каякта окушат, маселе жаралып жатат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да барган. Өкмөт көзөмөлүнө алышы керек”, - деп белгиледи эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: