super.kg logo
  Саясат  

Депутат Калпаев ички каттамдын билет баасы кымбат болуп жатканын айтты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев Бишкектен Баткенге учак билети кымбат болуп жатканын айтып, аны арзандатууну сунуш кылды. Мындай пикирин эл өкүлү бүгүн, 16-майдагы парламенттин жыйынында билдирди.

Айтымында, бүгүнкү күндө Бишкектен Баткенге учак билетинин баасы 6 миң сом болуп жатат.

"Бүгүнкү күндө авиа тармагында чоң реформалар болуп, жаңы аэропорттор салынып, ошол эле убакытта жаңы учактар сатып алынууда. Бирок бүгүнкү күндө Бишкектен Баткенге учак билети 6 миң сом болуп турат. Бишкектен Аба-Дабиге билеттин баасы 5 миң сом. Абу-Дабиге 5 саат учат, Баткенге болсо 45 мүнөт убакыт учат.

Баткен бүгүнкү күндө өзгөчө статуска ээ. Эң алыскы аймак болуп эсептелет. Ошол себептен ушул баа саясатын кайрадан карап чыгып, билеттин баасын түшүрүп берсек, элибиз ыраазы болот эле", - деди эл өкүлү.






16.05.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: