super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри “Ала-Арчага” барды (фото) 

 

Бүгүн, 16-майда Президент Садыр Жапаров жана Малайзиянын Премьер-министри Анвар Ибрагим “Ала-Арча” жаратылыш паркындагы этномаданий программа менен таанышты. Бул туурасында өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, өлкө лидерлерин төкмө акындар, “Алптар” баатырлары жана “Аталар изи” улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.

Ошондой эле эки өлкө лидерлери көчмөн элдин өзгөчөлүгү чагылдырылган боз үйлөрдүн инсталляциялары, кыргыз элинин улуттук каада-салттары жана маданияты, кол өнөрчүлөрдүн устаканаларда уникалдуу буюм-тайым жасап жаткандары менен таанышты, ошондой эле жогорку даражалуу коноктор жергиликтүү тамак-аштардан даам татышты.

“Ч.Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин жана Н.Тугелов атындагы мамлекеттик “Ак марал” бий ансамблинин аткаруусунда концерт тартууланды. Улуттук кийимдер коллекциясынын көргөзмөсү тартууланып, бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда салбуурун салттуу мергенчилигинин элементтери көрсөтүлдү”, - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: