super.kg logo
  Спорт  

Валерий Кичиндин клубдаштары эс алуучулар менен массалык түрдө мушташты (видео)

 

Орусиянын «Енисей» футболдук клубунун оюнчулары эс алуу борборундагы эс алуучулар менен жаңжалдашып, ал массалык мушташ менен аяктады. Бул тууралуу Mash Телеграм каналы жазды.

Жабырлануучунун айтымында, Красноярск шаарынын футболчулары музыканы катуу угуп, башка эс алуучулардын тынчын алган. Ал жердегилер полиция чакырганда футболчулар аларга жинденип, жаңжал башталган.

"Енисей" клубунан жаңжалга аралашкан футболчулар Владимир Хозин жана Вячеслав Бардыбахин экени белгилүү болду.

Өз кезегинде "Енисей" клубу алардын оюнчулары провокацияга кабылган деп эсептейт. Ошол эле учурда алар видеодо Красноярск командасынын оюнчулары болгонун танышпайт.

"Бул маалымат бүгүн гана белгилүү болду, биз аны териштирип жатабыз. Окуя алар оюндан кийин үй-бүлөлөрү менен эс алып жаткан учурда болгон жана футболчулар провокацияланды. Азырынча башка эч нерсе айта албайм. Биз муну карап жатабыз, албетте, футболчулар менен сүйлөшүү болду", - деп билдирди клубдун башкы директору Дмитрий Федосеев окуя боюнча.

Белгилей кетсек, "Енисей" клубунда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын коргоочусу жана капитаны Валерий Кичин дагы ойнойт.






"Енисей" клубунун футболчулары эс алуучулар менен мушташты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: