super.kg logo
  Саясат  

"Наристе жасалма дем алдыруучу апаратта". Депутат абакта эне 6 айлык наристеси менен отурганын айтты (видео)

 

Бүгүн , 16-майда Жогорку Кеңешитин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова абакта алты айлык оорукчан баласы менен отурган аялдын маселесин көтөрдү.

Анда эл өкүлү эки айдан бери Айганыш аттуу келин алты айлык ымыркайы менен чогу камакта отурганын айтып, баланын ден соолугу начарлап жатканына токтолду.

“Сот бийлигине кийгилише албайбыз. Бирок эки айдан бери беш баланын энеси, Айганыш аттуу келиндин соту болуп жатат. Ал алты айлык баласы менен абакта. Баласы жасалма дем алдыруучу аппарат менен жүрөт экен. Оштогу шайлоочулар маалыматты жиберип жатат, сүрөттөрү менен. Ага жардам берип, баланын ден соолугуна каралашалы. Жаза аткаруу кызматына , ИИМ, Башкы прокуратура, Саламаттыкты сактоо министрлигине бул боюнча тапшырма берсек”, - деди депутат.






Депутат Мажитова абакта апасы менен отурган оорукчан алты айлык ымыркайдын маселесин көтөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: