super.kg logo

Куандык Бишимбаевдин жактоочусу өкүм боюнча алгачкы жолу үн катты

 

Аялы Салтанат Нукенованы мыкаачылык менен сабап өлтүргөн Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин жактоочусу Ерлан Газымжанов сот өкүмү боюнча алгачкы жолу билдирүү жасады.

Журналисттерге берген маегинде ал Бишимбаев тарап бул өкүмгө макул эмес экенин айтып, апелляциялык арыз менен кайра сотко кайрыларын айтты.

"Биз апелляциялык арыз менен кайрылабыз, өкүм боюнча даттанууга ниеттенип жатабыз, судья олуттуу процессуалдык мыйзам бузууларга жол берген", - деди ал.

Газымжанов ошондой эле Бишимбаевдин 24 жылга эркинен ажыратылганына да токтолду.

"Бишимбаевди кыйноолор боюнча далилдердин жоктугунан актап, адам өлтүрүү эмес, этиятсыздыктан өлүмгө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү боюнча күнөөлүү деп табылышы керек болчу. Бул беренеде 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Демек, мыйзамга ылайык, Бишимбаев ушул чектерде жазаланышы керек", - деп кошумчалаган адвокат.

13-майда Астана шаарында жубайы Салтанат Нукенованы кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөн делген Куандык Бишимбаевдин резонанстуу иши боюнча соттук отурум аяктап, судья мурдагы министрди 24 жылга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: