super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров өлкө райондорунун акимдерин кабыл алды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын райондук администрация башчыларын, облустук маанидеги мэрлерди, ошондой эле Бишкек шаарынын муниципалдык райондук администрация башчыларын кабыл алды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билидиргендей, Жапаров учурда жүргүзүлүп жаткан өлкө айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимдеги административдик-аймактык реформанын жыйынтыктары бериле башташы керектигин билдирди.

Мындан тышкары өлкөдө регионалдык деңгээлдеги “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу сыяктуу масштабдуу долбоорлордун ишке ашырылышында жергиликтүү мамлекеттик органдарга тиешелүү милдеттер так аткарылышын белгиледи.

“Мамлекет башчыбыз тарабынан, Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган бардык чечимдер, ченемдик укуктук актылар кынтыксыз аткарылышы керек. Сиздер дагы аймакка инвестиция тартууну колго алыңыздар. Аймакты өнүктүрүү боюнча натыйжалуу долбоор даярдап келсеңиздер Министрлер кабинети дайым колдоого даяр. Мындан тышкары Өнүктүрүү фонддорунун ишин жакшылап алып барыңыздар. Бул боюнча өзгөчө көзөмөл болот”, - деди ал.

Өкмөт башчы отурумдун катышуучуларына ишти жеңилдеткен санарип технологиясына токтолуп, акимдерди заман агымынан артта калбоого чакырды.

“Учурда технологиянын жардамы менен ишти жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп калды. Интернеттин, атайын тиркемелердин жардамы менен да долбоорлорду даярдаса болот. Заманбап болууга чакырам. Ар бир районго каражат бөлүнөт, бирок мастер-планыңар болсун. Анан, албетте, тартип жана тазалык болушу керек”, - деди ал.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 13-16-май күндөрү президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары үчүн квалификациялык жогорулатуу курстары өткөрүлүүдө. Окуу курстарынын экинчи этабы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары үчүн 20-23-май күндөрү өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: