super.kg logo
  Саясат  

“Мигранттарыбыздын да үйлүү болуусуна мүмкүнчүлүк түзөбүз”. Шакиев Вена шаарында кыргызстандыктар менен жолукту

 

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Вена шаарында Австрия, Чехия жана Словакия мамлекеттеринде жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул туурасында парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, жолугушууда расмий сапарынын максаты боюнча учкай маалымат берилип, ипотекалык үйлөрдү курууга өзгөчө көңүл бурулуп, жыл аягына чейин 5 миңдей батирди ээлерине тапшыруу максатталып жаткандыгы айтылган.

Ошондой эле жолугушууга келгендер Словакияда 4 миңдин тегерегинде кыргызстандык эмгек мигранттары бар экени айтылып, аталган өлкөгө Кыргызстандын элчилигин ачуу демилгесин көтөргөн. Мындан тышкары ортомчу агенттиктер аркылуу чет өлкөлөргө ишке орношуу ар кандай тобокелдиктер менен коштолуп жатканы белгиленип, аларды жөнгө салуу маселеси айтылды.

“Жакында эле тиешелүү мекемелер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Чет жерде ишке орноштуруу маселесине байланышкан мамлекеттик механизмди иштеп чыгуу каралып жатат”, - деди Шакиев.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы бир нече эл өкүлдөрү менен Австрияга расмий иш сапары менен барган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: