super.kg logo
  Саясат  

Кайра шайлоо: Ноокат округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин саны 7ге жетти

 

Бүгүн, 17-майда Ош облусунун №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирген талапкерлердин тизмеси жетиге жетти. Бул тууралуу БШКнын сайтында кабарланды.

Маалымдалгандай, талапкерликке Гулнара Дуванаеванын арызы келип түшкѳн. Буга чейин Бакытбек Марипов, Айболот Айдосов, Байжигит Мурзакматов, Артыкбай Абдивалиев, Элдар Кудайбердиев, Санжарбек Тѳлѳнбаев өздөрүн талапкерликке көрсөтүшкөн.

“Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү БШКга талапкердин ушул шайлоо округу боюнча талапкер болуп катталуу ниети жѳнүндѳ арыз берүү жолу менен жүргүзүлѳт”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 30-майда аяктайт. Ал эми шайлоо 30- июнга дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: