super.kg logo

Чүйдө мектеп окуучусун сүзүп кеткен унаа айып короого киргизилди (видео) 

 

Бишкек-Нарын-Торугарт ички унаа жолунда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен унаа айып короого киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Чүй ЖКККБдан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 16-майда болжол менен саат 19:00 чамасында “Бишкек-Нарын-Торугарт” ички унаа жолунун 21-чакырымынан Xundai Sonata үлгүсүндөгү унаа 2009-жылы туулган М.А. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.

Ага ылайык, жөө жүргүнчү Ысык-Ата районунун Кант шаарынын аймактык ооруканасына кайрылган.

Xundai Sonata үлгүсүндөгү унаасы айып короо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.






17.05.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: