super.kg logo
  Спорт  

UFC: Ислам Махачев Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруусуна нааразы болду

 

Орусиялык мушкер, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Ислам Махачев легендарлуу Хабиб Нурмагомедовдун жетекчилигиндеги машыгуулардын катуулугуна нааразы болду. Бул тууралуу мушкер Pound4Pound Ютуб-каналына берген маегинде айтты.

Анда алып баруучу Ислам Махачевге "Хабибдин кол астында машыгуу кандай экен?" деген суроо берген.

ул жигит бир гана жолду билет. Ал үчүн башка жол жок. Ал жол - талыкпай иштөө. Күн сайын үч тер көйнөктү алмаштырып, бир саат күрөшүш керек. UFC мушкерлери атайын программа боюнча машыгарын билем. Анан ошол жерде эс алуу күндөрүн беришет. Бирок бул киши эс албайт. Ага эс алуу керектигин эч ким түшүндүрө албайт.

Эң кызыгы, биз Хабиб менен АКАнын спорт залында машыкканыбызда беш раунд спарринг, үч раунд грэпплинг өткөрчүбүз, бүттү. Бирок азыр капастагыдайбыз. Азыр күндө килемде үч, күрөштө он раунд жасайбыз", - деген ал.

Ислам Махачев кийинки беттешин 2-июнда Нью-Жерсиде өткөрөт. "UFC 302" турниринин алкагында ал америкалык Дастин Порье менен жеңил салмактагы UFC чемпиондугу үчүн беттешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: