super.kg logo
  Саясат  

"Ууру деген сөз катуу тийди". Депутат Масалиев президент Жапаровдун ал тууралуу айткандары боюнча үн катты

 

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Исхак Масалиев президент Садыр Жапаровдун "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде анын дарегине карата айткандары боюнча “Азаттык” сайтына комментарий берди.

Эл өкүлү анда коомдо талкуу жараткан, “өлкөдөн чыгарылган алтын” делген видео боюнча жергиликтүү радиолордун бирине берген маегинде өкмөткө сын-доомат айтпаганын, болгону социалдык тармактарда тараган тасманы тыкыр иликтеп коюш керек экенин билдиргенин белгилеген.

“Президент эмнеге ачууланды, билбейм. Мен берген маегимди кайра карап чыктым. Анда “Эдил Байсаловдор дароо чычалабай, видеону текшерип туруп жооп берсе болмок” деп айткам. Мунун эмнеси жаман? Анан мени “ууру” деп 15-20 жыл мурдагы казино маселесин көтөрдү. Мага ууру деген сөз катуу тийди. Видеодогу алтын башка бир компанияныкы, же тасма жөн эле тартылган болушу мүмкүн. Муну Камчыбек Кыдыршаевичке тапшырма берип аныктап койсо болот да”, - деген Масалиев.

Белгилей кетсек, буга чейин мамлекет башчысы "Кабар" маалымат агенттигине маек берип, депутат Исхак Масалиевдин жергиликтүү радиолордун биринде алтын тууралуу айткан кептерине жооп берген.

"Кыргызда “шектүү шекшинет” деген жакшы сөз бар. Өзү ууру болсо эле башкаларды ууру тута берет. Кудай сактасын, биз аларга окшоп ууру эмеспиз. Өзүбүз уурдабайбыз жана башкаларга да уурдатпайбыз", - деген Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: