Бишкекке келип кеткен Малайзиянын премьер-министри казак президентине торт белек кылды
Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин туулган күнүнүн урматына торт белек кылганын Акорданын маалымат кызматы билдирди.
Премьер-министр президентке белек кылган тортто "Happy Birthday Mr. President" (Туулган күнүң менен, президент мырза) деп жазылган.
Казак президенти 71 жашын белгилеп жатат.
Белгилей кетсек, Анвар Ибрагим Кыргызстанга 14-майда расмий иш-сапары менен келген. Ал Кыргызстанга болгон сапарынан кийин коңшу Казакстанга кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:20
2026-02-17
13:04
2026-02-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















