super.kg logo

Казакстан Кыргызстан менен чек арадагы кырдаал боюнча билдирүү жасады

 

Коңшу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы 17-майдан 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабында чет элдик студенттердин катышуусунда болгон окуядан кийин Пакистандын жарандары Кыргызстандан Казакстанга өтүп жатат деген маалыматты четке какты.

"Бишкектеги түнкү тополоңдон кийин Кыргызстандан Казакстанга өтүүнү пландаган пакистандык студенттердин топтору тууралуу айрым маалымат каражаттарында жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт. Казак-кыргыз мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат, Казакстан менен Кыргызстандын чек ара кызматтары Бишкектеги кырдаал боюнча тынымсыз маалымат алмашууда", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 13-май күнү кечинде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде жергиликтүү тургундарды чет элдик жарандар сабап жаткандагы видео тараган. Төрт күндөн кийин, тагыраагы, кечээ, 17-майда жатаканадан анча алыс эмес жайгашкан Чүй-Курманжан датка көчөлрүнүн кесилишине жакын жерде чогулган эл чет элдиктерди жоопко тартууну талап кылышкан.

Өз кезегинде Свердлов райондук ички иштер бөлүмү мушташка катышкан чет элдик студенттер кармалганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: