2013-жылдын 11 айында 1 миллион 226 миң тонна көмүр казылып алынган
2013-жылдын 11 айында 1 миллион 226 миң тонна көмүр казылып алынган. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 23-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 24,2 пайызга жогорулаган.
Ошондой эле жыл башынан бери өлкөнүн түндүк аймагында 325 миң тонна, түштүк аймакта 901 миң тонна көмүр казылган.
Төмөндө көрсөткүчтөр 2012-жылга салыштырылып берилди.
- Нарын облусунда 324 миң тонна (30,6 пайызга жогорулаган);
- Баткен облусу 182 миң тонна (7,9 пайызга жогорулаган);
- Ош облусунда 572 миң тонна (20,5 пайызга жогорулаган);
- Жалал-Абад облусунда 147 миң тонна (42,3 пайызга жогорулаган).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

