"Ильхам Алиев менен жолуккан". Ирандын президенти отурган тик учак кулады
Ирандын президенти Ибрахим Раиси бараткан тик учак өлкөнүн түндүк-батышында кулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Ал отурган Ми-171 тик учагын дагы эки кызматтык тик учак коштоп келе жаткан. Коюу тумандан улам президент отурган учак кырсыкка учураган. Кырсыктан кийин экипаж борбор менен байланышып, жардамга чакырган. Куткаруучулар азыр ал жакка бара жатышат.
Кырсыктын алдында Раиси Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен өлкөнүн чек арасында жолуккан. Алар чек арадагы Араз дарыясына курулган гидротехникалык курулмалардын ачылышында чогуу болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.