super.kg logo

«РСК Банкты» трансформациялоо – «Элдик Банкка» өзгөртүү

 

2024-жылдын май айынан тарта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен банктын аталышы өзгөртүлдү.

«РСК Банк» эки жуманын ичинде расмий түрдө «Элдик Банк» деп аталып калды.

"Банктын заманбап ролун, трансформация стратегиясын ишке ашырууну, учурда иштеп жаткан инновацияларды, ошондой эле «Топтолмо ипотека» уникалдуу социалдык долбоорун иштеп чыгууну эске алуу менен, банктын аталышын өзгөртүү чечими кабыл алынды", - деп түшүндүрдү «РСК Банк» башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев.

"Акыркы бир нече жыл аралыгында банк жарандарга жакын болуп, заман агымына шайкеш иштеп, экономикага олуттуу салым кошуп келе жатат, ошондуктан ал, чындап эле, «элдик» деген түшүнүккө дал келүүдө. Бул банктын бизнес моделин түп-тамырынан бери өзгөртүү боюнча стратегиябыздын башталышы гана".

«Элдик Банк» - трансформация жолунун башында. Ошол эле учурда банк ишенимдүү, туруктуу жана динамикалуу өнүгүп жаткан каржы институту бойдон калууда.

Иштей баштаган стратегия, биринчи кезекте, жарандарыбыз үчүн жаңы инновациялык чечимдердин пайда болушуна, салттуу банктык жана жаңы акылдуу чечимдерди убагында колдонуп калуу, финтех инновацияларын жайылтуу үчүн, каржы мүмкүнчүлүктөрүнөн жана жекече чечимдерди толук пайдаланууда жетишсиз каржылоо жана инклюзивдүүлүк көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Бүтүндөй алганда - FinLife миссиясын ишке ашыруу үчүн жашоо-турмуштун бардык чөйрөсүнө каржы каражатынын жетип турушу жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоосундагы ишеничтүү каражат болуп калуу.

КРУБ лиц. №033, 033/1






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: