super.kg logo

Ысык-Көлдө тургундун үйүнөн курал-жарак табылды

 
Ысык-Көлдө тургундун үйүнөн мыйзамсыз сакталган курал-жарак табылды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Семёновка айылынын тургуну үйүндө мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Курал-жарак, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1984-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран аныкталган.
"Ысык-Көл райондук сотунун уруксаты менен шектүүнүн жашаган жерине тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүүдө оптикалык прицели бар ТОЗ-12 сайлуу ок атуучу курал, 16 жана 32 калибрдеги сайсыз ок атуучу куралдар, 125 даана 5,6 миллиметр калибрдеги сайлуу ок-дарылар жана 26 сайсыз ок-дарылар, ошондой эле күкүрт жана бытыра салынган 2 даана идиш табылып, далил зат катары алынган", - деп айтылат маалыматта.
Милиция табылган куралдарга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатканын кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: