super.kg logo
  Саясат  

"Ар бир бала сапаттуу билим алышы керек". Акылбек Жапаров Таласта жаңы мектептин ачылышына катышты

 

Бүгүн, 20-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунун Ынтымак айылындагы Эшимбек Капалов атындагы мектептин салтанаттуу ачылышына катышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Жапаров өз сөзүндө айыл тургундарын жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, билим берүү мамлекеттик саясаттын негизги приоритеттеринин бири экенин белгиледи.

“Биз Кыргызстандагы ар бир бала кайсы жерде жашабасын, сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуна аракет кылабыз. Ынтымак айылында жаңы мектептин ачылышы бул багыттагы дагы бир кадам, анткени мектеп – бул таланттуу мугалим менен таланттуу окуучунун жолуккан жери”, - деди төрага.

Ал ошондой эле мектепке Талас облусунун билим берүү тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Эшимбек Капаловдун ысымы ыйгарылганын кошумчалап, мектептин курулушу 2015-жылы эле башталганын, бирок ушул убакытка чейин бүтпөй келгенин белгиледи.

“Окуганга ыңгайлуу шарттары бар бул заманбап мектеп бүткүл райондун жашоочулары үчүн маанилүү билим жана маданият борбору болуп калат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, көп жылдан бери курулушу жүрүп жаткан мектептердин 80 пайызга жакыны бүткөрүлдү. Бул мектеп аймактагы эң чоң мектептердин бири болот”, - деп белгиледи ал.

Андан кийин Акылбек Жапаров республиканын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, билим берүү, транспорт, энергетика тармактарын өнүктүрүү пландары менен бөлүштү.

Салтанаттын соңунда Акылбек Жапаров мектептин имаратын көрүп чыгып, мектеп окуучулары жана мугалимдери менен баарлашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: