super.kg logo

MBANK – көпчүлүк кыргызстандыктардын тандоосу, жүктөөлөрдүн саны 7 миллионго жетти

 

"Коммерциялык банк Кыргызстан" ААК/MBANK ийгиликтүү жаңы жетишкендиги менен белгиленди – банктык тиркемени жүктөөлөрдүн саны 7 миллионго жетти. Бул саамалыкка карата кыргызстандыктардын арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, алардын дээрлик көбү MBANK тиркемесин колдонушарын билдиришти.

"Кыргызстандыктардын көпчүлүгү биздин банкты жана MBANK тиркемесин тандаганы биз үчүн абдан жагымдуу. Жадакалса Кыргызстандын эң алыскы райондорундагы кардарларыбыз биздин тиркемени активдүү колдонуп жатканын көрүүдөбүз. MBANK тиркемесин ар бир кардар үчүн ыңгайлуу кылып жасайбыз. Бул тиркемени жүктөөлөрдүн көрсөткүчү, банк карталарынын берилиши жана берилген кредиттердин саны буга далил.

Биз кардарларыбыздын убактысын үнөмдөөгө, бизнес процесстерин оптималдаштырууга жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам берген бүтүндөй экосистеманы түзө алганыбыз менен сыймыктанабыз. Мындан ары да рекорддук көрсөткүчтөрдү жаңыртып, сиздер менен жаңы бийиктиктерге бирге жетебиз", - деп инновациялар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча директору Марат Торалиев билдирди.

MBANKтын жардамы менен бүгүнкү күндө 1500дөн ашык жеткирүүчүлөрдүн кызматтарын төлөөгө, 100дөн ашык мамлекеттик кызматтарды колдонууга, товарларды онлайн сатып алууга, онлайн насыя жана депозит ачууга, башка банктарга жана өлкөлөргө акча которууга, ал тургай башка банктардын карталарын тиркемеге байлоого болот.

MBANK мобилдик тиркемеси Plus Award эл аралык сыйлыгынын жыйынтыгы боюнча «Кыргызстандын эң мыкты банктык тиркеме» деп табылды, КИТ-форумунун жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты ата мекендик мобилдик тиркеме» деп аныкталды, "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКсы тарабынан ELQR-төлөмдөрүн активдүү пайдалануучулардын саны боюнча лидер деп белгиленди жана Кыргызстандын мобилдик тиркемелеринин рейтингинде өлкөдөгү эң популярдуу биринчи орундагы мобилдик банкинг деп табылды.

Эмне үчүн көпчүлүк кыргызстандыктар MBANKты тандашат?

MBANK кардарлардын муктаждыктарын биринчи орунга коёт. Анын негизинде жаңы өнүмдөр жана кызматтар ишке киргизилет жана төмөнкү аспекттерге өзгөчө көңүл бурулат:

* Жөнөкөй жана ыңгайлуулук: MBANK кардарлар үчүн колдонууга жеңил жана баарына жеткиликтүү банктык кызматтарды түзүүгө умтулат.

* Технологияга басым жасоо: MBANK заман талабына ылайык өз кардарлары үчүн дүйнөнүн каалаган бурчунан, каалган убагында жана каалаган жеринде өз финансы маселелерин башкарууга мүмкүндүк берген ыңгайлуу мобилдик тиркемени иштеп чыгууга инвестиция салат.

* Ачык-айкындуулук жана ишеним: Банк өз кардарлары менен баарлашууда ачык-айкын жана ишенимдүүлүктүн жогорку стандарттарын кармануу менен бардык кызматтар жана которуулар, төлөмдөр тууралуу кардарлардын толук маалыматка жетүүсүн камсыз кылат.

7 000 000 жүктөө чегине жетүү – бул Кыргызстандагы колдонуучулардын ишениминин жана популярдуулугунун маанилүү көрсөткүчү. Банк өз кызматтарын өнүктүрүү менен жакшыртууну улантууда жана бүгүнкү күнгө карата MBANK — бул жөн гана мобилдик тиркеме эмес, бул миллиондогон колдонуучулар үчүн каржы маселелеринде ыңгайлуу жана ишенимдүү өнөктөш.

MBANK биринчи санариптик!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: