super.kg logo

Бакыт өргөөсүндөгү каттоо залы убактылуу жабык болот

 
Бишкектеги Бакыт өргөөсүнүн имаратында оңдоо иштери жүрүүдө. Буга байланыштуу 15-июнга чейин никени салтанаттуу түрдө каттоо залы жабык болот. Бул боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, учурда кызматкерлер имараттын биринчи кабатында никени салтанаттуу түрдө каттоону улантышууда. Жарандарды кабыл алуу адаттагыдай эле саат 9:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек үйлөнүү үлпөт сарайына борбор калаанын тургундары жана коноктору никени салтанаттуу түрдө каттоодон тышкары, төмөнкү кызматтар боюнча кайрылса болот:
  • Туулгандыгын каттоо жана “Балага сүйүнчү” жөлөк пулуна кайрылуу тариздөө
  • Аты-жөнүн өзгөртүү
  • Асырап алуу
  • Күбөлүктөрдүн дубликатын алуу
  • Идентификациялык жеке номерди (ИЖН) ыйгаруу
  • Ажырашууларды каттоо.
Мындан тышкары никени жеринде салтанаттуу каттоо үчүн чыгуу кызматы жеткиликтүү.
Эскерте кетсек, никени каттоо үчүн калкты тейлөө борборлоруна да кайрылса болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: