super.kg logo

Ошто жөлөк пулдар муктаж эместерге берилген. Башкы прокуратура иш козгоду

 

Ош облусунун бир катар райондорунда социалдык жардам жөлөк пулдары муктаж эмес жарандарга берилип кеткени аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун прокуратура органдары Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун муктаж жарандарына социалдык контракттын негизинде берилүүчү социалдык жардамдардын, жөлөк пулдардын чегерилүүсүнүн мыйзамдуулугуна карата текшерүүлөрдү жүргүзүп, одоно мыйзам бузууларды аныкташкан.

"Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдында түзүлгөн социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү жана жергиликтүү эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын кызматкерлери кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, 2022-2023-жылдары бул чөйрөдөгү ченемдик-укуктук актынын талаптарын бузуу менен социалдык жардам алууга иш жүзүндө муктаж болбогон жарандарга мыйзамсыз түрдө жөлөк пулдарды чегерген", - деп айтылат маалыматта.

Бул мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке жалпы 5 миллион 940 миң 692 сомдук зыян келтирилген.

Башкы прокуратура аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иштери козголуп, тергөө жүрүп жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: