super.kg logo

Иранда Ибрахим Раисинин өлүмүнө байланыштуу беш күндүк аза күтүү жарыяланды

 

Иранда Ибрахим Раисинин өлүмүнө байланыштуу жалпы улуттук беш күндүк аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазууда.

"Мен беш күндүк аза күтүү жарыялайм жана урматтуу Иран элине көңүл айтам", - деди вице-президент Мохаммад Мохбер.

Белгилүү болгондой, аза күтүү учурунда бардык кинотеатрлар жана театрлар жабылат. Телеканалдарда оюн-зоок программалары токтотулду. Ирандагы эң бийик флагштокто чоң аза күтүү желеги көтөрүлдү.

Ал арада Пакистан Иранга урмат көрсөтүү катары 20-майды улуттук аза күтүү күнү деп бекиткен. Ливанда да үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Ибрахим Раиси 63 жашында авиакырсыктан каза болду. Ал 19-майда Азербайжандын президенти менен жолугушуудан кийин кайтып келе жатканда ал отурган тик учак эки өлкөнүн чек арасында кулап түшкөн. Борттогулардын баары каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: