super.kg logo

Түрк министри Ибрахим Раиси отурган тик учактын сигнализациясы өчүрүлүшү мүмкүн экенин айтты

 

Түркиянын Транспорт министрлигинин башчысы Абдюлькадир Уралоглу Иранда кыйраган Ислам Республикасынын президенти Ибрахим Раиси бараткан тик учактын сигнал берүү системасы өчүрүлгөнүн четке каккан жок. Бул тууралуу ал TRT Haber телеканалынын эфиринде билдирди.

Уралоглу тик учак кулаган аймак Түркиянын деңиз жана аба издөө-куткаруу борборунун жоопкерчилигине кирген аймак экенин баса белгиледи. Анын айтымында, ушундан улам түрк тарап кырсык болгон аймактагы бардык аба жана деңиз унааларынан келген сигналдарды көзөмөлдөйт.

"Биринчи этапта биз тик учактын сигнал берип жатканын көзөмөлдөп, Иран тарап менен байланыш түздүк. Биз сигнал берүү системасы өчүрүлгөн, же тик учак аны менен жабдылган эмес деп ойлойбуз, анткени бизге эч кандай сигнал келген эмес. Сигнал келсе, ал Түркия тараптан жазылып алынышы керек болчу", - деди түрк министри.

Ошондой эле ал тик учактын сыныктарын Түркиянын Akinci учкучсуз учагы тапканын баса белгилеген.

19-майда Ирандын президенти Ибрахим Раиси бараткан тик учак Азербайжандын жанындагы тоолорго кулап түшкөн. Учакта тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан жана башка бир катар ирандык расмий адамдар да болушкан. Борттогулардын баары каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: