super.kg logo

Казак министри Бишкектеги окуяга комментарий берди

 

Коңшу Казакстандын Билим берүү министрлиги Бишкекте 18-майга караган түнү чет элдиктер менен болгон массалык мушташка байланыштуу комментарий берди.

Өкмөттүн брифингинде журналисттер министр Саясат Нурбекке "Кыргызстандагы окуядан кийин Казакстанда алдын алуу чаралары көрүлдүбү?" деген суроо узатты.

"Биринчиден, Кыргызстанда өзгөчө кырдаал түзүлгөнүн билесиңер, учурда ал жакта өтө көп сандагы чет мамлекеттердин жарандары билим алышууда", - деген ал.

Ал Казакстанда учурда Индия менен Пакистандан келген 12 миңге жакын студент билим алып жаткандыгын кошумчалаган.

"Учурда чет мамлекеттердин жарандары билим алып жаткан университеттердин бардык директорлору менен өзүнчө жолугушууларды өткөрдүк. Биз Индия жана Пакистан менен эле чектелбей, башка жолугушууларды дагы өткөрдүк. Чет өлкөлүк студенттер көп жашаган жерлерде атайын нөөмөттө уюштурулууда", - деген ал.

Эске салсак, 13-май күнү кечинде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде жергиликтүү тургундарды чет элдик жарандар сабап жаткандагы видео тараган. Ага байланыштуу 17-майда жатаканадан анча алыс эмес жайгашкан Чүй-Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде чогулган эл чет элдиктерди жоопко тартууну талап кылышкан. Ал эми Ички иштер министрлиги Бишкекте орун алган окуянын себебин маалымдаган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 41 жабырлануучу медициналык жардам алууга кайрылган. Учурда алардын арасынан 11 бейтап ооруканада дарыланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: