super.kg logo

"Түндүк" порталындагы санариптик документтер жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр эми «Мой О!» тиркемесинде

 

«О!Деньги» финансылык сервиси мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин кеңейтүүнү улантып, кыргызстандыктарга ыңгайлуу технологиялуу чечимдерди сунуштайт. Эми «Түндүк» порталындагы санариптик документтерди жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү «Мой О!» мобилдик тиркемесинен пайдаланса болот. Сервис санариптик документтерди колдонууга жана аларды талап боюнча көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Санариптик документтердин күчү түп нускадагы кагаз документтерге барабар.

Маанилүү документтер эми ар дайым кол алдыңызда болот:

  • ID-карта;
  • айдоочулук күбөлүк;
  • унаанын техпаспорту;
  • никелешүү жана балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр;
  • ЖИнин мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүк.

Мындан тышкары тиркемеде «Түндүктүн» төмөнкүлөр сыяктуу 50дөн ашуун популярдуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрү жеткиликтүү:

  • Мамлекеттик маалымкаттар жана көчүрмөлөр;
  • социалдык төлөмдөр жөнүндө маалымат;
  • санариптик ден соолук профили.

«Мой О!» тиркемесинен «Түндүк» порталына кирүү мүмкүндүгүн алуу оңой:

  • «Мой О!» мобилдик тиркемесин Google Play’ден же App Store’дон жүктөп же жаңыртып алыңыз;
  • «О!Деньги» бөлүмүн → «Сервистерди → «Мам.кызматтарды» → «Түндүктү» ачыңыз;
  • БИСтин сыр сөзүн териңиз, ал санариптик кол тамганы алууда берилет кол тамганы дароо азыр «Мой О!» тиркемесинен алса болот;
  • текшерүү кодун алуу ыкмасын тандаңыз – SMS же электрондук почта аркылуу;
  • «Кирүү баскычын» басыңыз.

«Түндүккө» кайрадан кирүү үчүн Face ID’ни, манжанын изин же PIN-кодду колдонуу жетиштүү.

Белгилей кетели, сервис акысыз жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин колдоосу менен ишке ашырылды.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: