super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров  УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгына барды

 

Бүгүн, 21-майда Садыр Жапаров Талас облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө УКМКнын башкармалыгына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысына УКМК башкармалыгынын кызматкерлеринин дене тарбиялык даярдыгын жогорку деңгээлде кармап туруу үчүн машыгуу залында бардык керектүү шарттар каралгандыгы маалымдалды. Футбол аянтчасы, машыгуу залы, чечинүүчү жай, душ кабинкалары жана мончо курулган.

Ага ылайык, президент коопсуздук органдарынын кызматкерлерин залдын ачылышы менен куттуктап, коомдун жана мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн кызматындагы ийгиликтерди каалады.

Эскерте кетсек, УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имараты былтыр 17-июнда ачылган. Анда УКМКнын кызматкерлери мамлекет башчысына машыгуу залын куруп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

"Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Президенттик фонддон спорт залды куруу үчүн 50 миллион сом бөлүнгөн", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: