Пакистандын тышкы иштер министри Бишкекке кыска мөөнөткө келмей болду
Пакистандын вице-премьери, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар Бишкек шаарына келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 21-майда маалымат таратты.
"ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин Астана шаарында кезектеги жыйынынын соңунда Пакистандын вице-премьери, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар Бишкек шаарына кыска мөөнөткө келип кетет", - деп жазылат маалыматта.
Билдирүүгө ылайык, Бишкекте министр Мохаммад Исхак Дар өлкөдөгү медициналык мекемелерде дарыланып жаткан пакистандык жарандарга зыярат кылуу ниетинде.
Мындан тышкары аны менен министрлер кабинетинин жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуулары өткөрүлөт.
Маалымат үчүн: 17-майда интернет желелеринде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде бир нече адамдын мушташы тартылган видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес. Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген. 13-май күнү болгон окуяларга нааразы болгон жаштар 18-май күнү кечинде Бишкектеги Курманжан датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогула баштап, алардын саны 500дөн 700гө жеткен. Чогулгандар мушташуу фактысы боюнча күнөөлүү адамдарга карата укук коргоо органдары тарабынан чара көрүүнү талап кылышкан.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 41 жабырлануучу медициналык жардам алууга кайрылган. Учурда алардын арасынан 11 бейтап ооруканада дарыланууда. Буга байланыштуу өлкөдөгү чет элдик студенттер бир жумага онлайн окууга өттү.
Министрлер кабинети жабыркаган чет элдик студенттерге чыгымды төлөп берүүнү карап жатат. Билим берүү министрлиги азыркы учурда Кыргызстанда 28 миң 800 чет өлкөлүк студент бар экенин билдирди. Мындан тышкары жатаканадан сырткары жеке батирлерде же хостелдерде жашаган чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугу каралганы кошумчаланды.
Өлкө башчы Садыр Жапаров окуяга байланыштуу кайрылуу жасап, мыйзамдын алдында баары бирдей экенин белгиледи. Ошондой эле ал карактоо аракетин кылган ээнбаштардын, алардын мындай аракетин көбүртүп-жабыртып, чоң чууга айлантууну көксөгөн чагымчылдардын арам ойлорун ишке ашырууга жол берилбей турганын кошумчалаган.
