super.kg logo

Куандык Бишимбаевдин балдары фамилиясын алмаштырышы мүмкүн

 

Аялы Салтанат Нукенованы сабап өлтүргөн коңшу Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин мурдагы жубайы Назим Кахарман балдары фамилиясын өзгөрткүсү келип жатканын билдирди. Бул тууралуу ал соцбаракчасына жазды.

Кахарман Инстаграмдагы катталуучуларына ал жана балдар Бишимбаевге чыккан өкүмдү кандай кабыл алганын айтып берди.

"Мен өзүн сүйүп жашоону үйрөтөм. Ата, албетте, түбөлүк ата бойдон калат. Жакшысын алып, өмүргө шүгүр кылуу кажет. Ошондой эле атанын киши өлтүргөнүн кабыл алуу керек. Атанын өз жолу бар жана балдары да атасына жоопкер эмес. Сен аны колдоого жана сүйүүгө милдеттүү эмессиң. Балдарыбыздын алдында биз, ата-энелер, жооптуубуз", - деп жазган Кахарман.

Ал ошондой эле үч баласы фамилияларын алмаштыргылары келип жатканын жашырган эмес.

"Албетте, алардын фамилиясы атактуу болуп калды. Тилекке каршы, Куандык чоң атасынын атын жаманатты кылды", - деген ал.

13-майда Астана шаарында жубайы Салтанат Нукенованы кыйнап, мыкаачылык менен өлтүргөн делген Куандык Бишимбаевдин резонанстуу иши боюнча соттук отурум аяктап, судья мурдагы министрди 24 жылга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: