Садыр Жапаров Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы имаратын ачты (сүрөт)











Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда Талас облустук ички иштер башкармалыгынын Талас шаарындагы жаңы имаратынын ачылышына катышты.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, мамлекет башчысы чогулгандарды бул аймактагы маанилүү саамалык менен куттуктап жатып, мамлекет кайсы гана тармак болбосун, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн эң алгач иштөө шарты талапка ылайык болушу керек деген принципти тутунуп, иш алып барарын белгиледи. Ал жүктөлгөн милдеттерди мындан ары дагы күчөтүү максатында кошумча автоунаалар, керектүү жабдуулар жана атайын каражаттар тапшырыла турганын айтты.
"Садыр Жапаров бул башкармалыктын мурдагы имараты Советтер Союзу учурунда эле курулуп, мамлекеттик башка имараттардай эле жыл сайын оңдоп-түзөө иштерине каражаттар талап кылынып келгенин эске салды. Имарат алгач Маданият үйү катары 1985-жылы салына баштап, 1987-жылы кайсы бир себептерден улам курулуш иштери токтоп калган. Андан бери бул имарат колдон-колго, өкүнүчтүүсү, жеке менчикке өтүп кеткен жайы да бар эле. Арадан 36 жыл өткөндөн кийин Талас облустук ички иштер башкармалыгына бул имаратты өткөрүп берүү чечими кабыл алынган. Ал кезде имараттын төрт дубалдан башка эч нерсеси болгон эмес. Курулуш 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 7 айда толугу менен аяктады", - деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчысы ички иштер министри Улан Ниязбеков өздүк курамга иштөө шарттарын түзүү менен элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында демилге көтөрүп, демөөрчү таап, бул имараттын курулуш иштери башталганын айтып берди.
Сөз сүйлөгөндөн кийин Садыр Жапаров жаңыланган шарттар менен таанышып, имараттагы кызматтык жайларды, медициналык-санитардык бөлүктү, актовый залды, футбол талаасын жана машыгуу залын көрүп чыкты.
